Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоону жылдырды

144

АКШнын президенти Доналд Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоону эки жумага жылдырды.

«Демократтардын өтүнүчү боюнча мен мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт депортациялоону эки жумага жылдырдым. Эки жумада демократтар менен республикачылар чогулуп, түштүк чек арада баш калкалоочу жай таап маселени чече алышабы? Байкап туралы«, — деп жазды Доналд Трамп Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо 22-июнда башталмак. Президент мындай билдирүүсүн 18-июнда жарыялаган.

«Алар кантип бат келишкен болсо, ошондой бат айдалат«, — деп жазган АКШнын президенти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь