Австриянын парламент спикери Кыргызстанга расмий сапар менен келди (сүрөт)

108

Австриянын парламентинин федералдык кеӊешинин президенти Инго Аппе Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Кадырлуу конокту ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров бүгүн, 24-июнда “Манас” эл аралык аба майданынан тосуп алды.

Иш сапар учурунда Инго Аппе жетектеген Австрия парламентарийлери Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтык, мыйзам чыгаруу айдыӊындагы мамлелердин келечеги туурасында пикир алмашат.

Ошондой эле расмий делегациянын курамы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болгон соӊ, “Ата-бейит” мемориалдык комплексинде 1916-жылдын курмандыктарын эскерип, гүлчамбар коюшмакчы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь