Мурунку прокурор Аида Саляновага жүрөк оорусунан сырткары пневмония диагнозун коюшту. Дарыгерлер аны № 1 тергөө абагына которууга тыюу салышты. Медицина кызматкерлери анын өпкөсүн жасалма аппарат менен дарылап жатышат.Бул тууралуу эжеси Чынара Турдалиева билдирди.
Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө абагына киргизилген болчу. Кийин ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология бөлүмүнө жаткырылган. Белгилүү болгондой, Салянова учурда палатага которулду.