Ак-Буурага жеңил унаа түшүп кетип, ичиндегилер мерт кетти

119

Ош -Папан-Кожокелен унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен “Жигули” унаасындагы эки эркек киши жана бир бала каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта маркумдардын экөө 43 жана 41 жаштагы адамдар экени, дагы бири 10 жаштагы бала экени айтылды. Кырсык 22-июнь күнү болгон.

“Эртеси унааны суудан чыгаруу үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнөн үч куткаруучу, жети суучул жана Папан айыл аймагынан экскаватор менен кран тартылып, кечке чейин үчөөнүн сөөгүн алып чыгышты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Андан соң автоунаа да суудан чыгарылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь