“Бей күнөө жерден Садыр Жапаровду жана менин баш кылып жалпы 13 адамды каматып жибердиңиз эле, эми өз башыңызга кара булут айланып турат”,- деп жазат Эркланбек Тагаев өзүнүн фейсбук баракчасында.
Ал интернет аркылуу Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады:

Урматуу эмес Алмазбек Шаршенович !
Бей күнөө ,жок жерден мени жана Садыр Жапаровду, бир туугандарын ,бала-чакалары менен 13 адамды каматып жибердиңиз эле буйрук берип. Жашоо бумеранг , эми өз башыңызга кара булут айланып турат. Эки жыл камакта олтурдук , бей күнөө үй-бүлө, бала-чака, ата-эне, тууган-уруктарыбыз канча деген стресс, ден-соолугуна канчалаган зыян алышты. Ал чыгымдарды акчага баалап болбойт. Эми сизди дагы ошондой баа жеткис чыгым күтүп турат. Сиз ошонун барын билип туруп, түндүк-түштүк кылып эки элдин ортосуна от коюп болсо дагы. Элди садага чаап болсо дагы , кара жаныңызды куткарууга жанталбастап атасыз. Бул кылганыңыз эркекчиликке жатпайт, эркекмин десеңиз коркпоңуз, кыргыз элинин ортосуна от койбостон өзүңуүз эле түрмөгө кирип барып олтуруңуз. Ак болсоңуз ошол жактан акталып чыгыңыз сизге айтарым. Ак жол сизге СИЗО -1 ге.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: