Казакстандын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу “Бишкек-Москва” багытындагы №17 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караган, аталган багыттагы поезд каттамы качан иштей баштай тургандыгы белгисиз.
Кошумчалай кетсек, бүгүн саат 9:20 Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлө баштаган. Арыс Шымкенттен 150 чакырым алыстыкта жайгашкан жана анда 43 миң киши жашайт. Азырынча курмандыктар тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Ал коңшу өлкөнүн маалымат булактары жарылуудан кийин 40 тан ашык адам дарыгерлерге кайрылганын жанан алардын30у ооруканага жаткарылганын жазышты.