Атамбаевдин ишине байланыштуу Нариман Түлеев суракка чакырылды

86

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча бир канча кине менен айыпка шектелип жаткан Жогорку Кеңештин токтому Башкы прокуратурада карала баштады.

Атамбаевдин ишине тиешеси бар делип бүгүн, 24-июнда мурдагы Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу кызы Назгүл Түлеева жазды.

Атамбаевге коюлган дооматтарды иликтеген депутаттык комиссия, алты иш боюнча мурдагы президентке тагылган кинелерди негиздүү деп тапкан. Парламенттин токтомуна прокуратурадан жооп келгенден кийин Жогорку Кеңеш кайра экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь