Балдарын сабаган кишиге аялы доосу жок экендигин билдирди

188

Сокулук районунда өзүнүн 2 баласын сабады деп атасы шектелүүдө. Чүй ОИИБнан билдиргендей, 22-июнь күнү 3 жана 5 жаштагы балдар денесине залал келтирген абалда ооруканага түшкөн. Бул тууралуу ооруканадан милиция бөлүмүнө билдирген.

Балдардын 26 жаштагы апасынын айтымында, 21-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында ага кошунасы чалып, күйөөсү мас болуп келип балдарын сабап жаткандыгын айткан.

Дароо үйүнө барып, 3 жаштагы баласынын жерде жатканын көргөн. Эки баласын алып ооруканага кайрылган. Кичүүсү бүгүн палатага которулуп, ал эми агасын чоң энеси алып чыгып кетти. Белгилүү болгондой, балдардын энеси майып. Төрт баласы бар.

Бирок, аял балдарын сабаган күйөөсүнө эч кандай доосу жок экендигин айтып, териштирүү иштерин токтотуу боюнча арыз жазды.

Ички иштер органынын кызматкерлери балдардын 26 жаштагы атасын суракка алып, ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул факт КЖБР катталды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь