Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов УКМКнын тергөө абагына 22-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чечимди 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар Жапар Эрматов үй камагына бошотулганын жазды, бирок бул тууралуу ИИМ аны четке каккан.
Быйыл майда Башкы прокуратура Жапар Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене 319-берене менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.
Жапар Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда.