Батукаевди эркиндикке чыгарган судья Жапар Эрматов камакка алынды

205

Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып билдиришти.

22-июнда Биринчи май райондук соту Эрматовдун бөгөт чарасын карап, камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Башкы прокуратура уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун боштондукка чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялаган. Анын тараткан маалыматына ылайык, ишти караган судья Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелинде №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучунун өзгөчө оор кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген кримтөбөл Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу сунуштамасын мыйзамсыз караган. Анткени мындай сунуштаманы мекеменин ыйгарым укуктуу жетекчиси же ЖАМКтын төрагасы гана берүүгө укугу болгон. Судьяга мындан башка Азиз Батукаевдин оор дартка чалдыкканы боюнча материалдарды текшербестен, эркиндикке чыгарып, анын Кыргызстандан чыгып кетишине өбөлгө түзгөн деген айып коюлууда.

Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата материалдар 335-берене («Көз көрүнөө сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу»), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

govori.tv

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь