Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомду Башкы прокуратура карай баштады. Башкы көзөмөл органы бул токтом боюнча канча убакытта чечим кабыл алаары белгисиз. Парламенттин экс-президенттин макамы жөнүндөгү корутундусу Башкы прокуратурага 20-июнда келип түшкөн.
Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, токтом Башкы прокуратурага жолдонгон