Бишкекте дарак канталасы көбөйүп кетти

345

Бишкекте кара жыгачтын уругунун канталасы көбөйүп кетти. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы дарактарда жана бак-шактуу үйлөрдүн терезелеринде, балкондордо пайда болуп жаткан майда жаныбарлар көптөрдүн тынчын алууда. Коомчулукта аларды кара жыгачтын уругунун канталасы деп аташат. Түсү жашыл жана күрөң келет.

Билдирүүдө бул жаныбарлар негизинен дарактардын көңдөйүндө жашары айтылат. Ал эми учурда мынчалык көп санда болуп кетишинин себебин алардын көбөйгөн маалы экени маалымдалган.

Мэриядан кургак жана туруктуу аба ырайында алар дарактардын коңулуна кирип кетерине ишеним арткан. Мындан сырткары жолбун мышыктарга көңүл буруу туурасында маалымдалган. Анткени алар бак-дарактарга канаттуулар салган уяны бузганда жуктуруп алат деп түкшүмөлдөшкөн.  Муниципалитеттен бул жандыктан коргонуу, үй-жайга кирип кетпеши үчүн терезе менен балконго тор тагып, андан сырткары дихлофос сыяктуу каражаттарды колдонууну кеңеш беришкен.

Бишкек мэриясы бул окуяга байланыштуу өсүмдүктөргө “Бишкек жашыл чарба” ишканасы химиялык чачыратмаларды колдонууга акысы жоктугун эскертти.

“Бул иш менен Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча департаментинин Фитосанитардык коопсуздук департаментинин бөлүмү иш алып барат”, — деп билдиришти мэриядан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь