Казакстандын Арыс шаарында жарылуу болду (видео)

210

Бүгүн Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында жарылуу болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басма сөз кызматтары жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ок дарылар сакталган кампа жарылган.

Окуя бүгүн таңга маал саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде болду. Окуя болгон жерде 8 өрт өчүрүүчү машина, 30 өрт өчүрүүчү кызматкер иштөөдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь