Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу ошол учурдагы аткаминерлер четинен жоопкерчиликке тартылууда.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Жогорку соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашева камалаары айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Буга чейин, Феруза Жамашева Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жок экенин, мындан кабары болбогонун айткан эле.
Эске салсак, Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген.