Карыз бербегени үчүн кош бойлуу аялын жардан түртүп жиберди

137

Таиландда 34 метрлик жардан кулаган кош бойлуу аял аман калган. 32 жаштагы Ван Нан аттуу аял күйөөсү менен саякатка чыгып, Пха-Таем Улуттук паркындагы жардан кулап кеткен. Келинди паркта жүргөн туристтердин бири көрүп калып, тез жардам чакырган. Нан дарыгерлерге жардан өзүм кулап кеттим деп айткан. Жабырлануучунун бели, тизеси, колу сынганы менен баласы жабыркаган эмес.

Ван Нан ооруканада күйөөсү жок кезде, сүйүшүп баш кошкон күйөөсүнүн түртүп жибергенин айткан. Күйөөсү келинден карызын жабууга акча сурайт. Аялы акча берүүдөн баш тарткан кезде, күйөөсү аялын түртүп жиберген.

Азыркы учурда Юя Сяо адам өмүрүнө коркунуч жаратканы үчүн айыпталып, камакка алынды. Үй-бүлөнүн өз бизнестери бар. Бирок, күйөөсү карызга баткан кезде аялынан акча сураган. Жарым акчаны гана берүүгө макул болгон келинчегин түртүп жиберген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь