Кыргызстан менен Катардын ортосунда илимий тажрыйба алмашуу болот

196

Бишкекте “Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги” деген темада тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Катардын Дипломатиялык институттун ректору, доктор Абдулазиз бин Мохаммед Аль-Хордунун жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 28-февралында Доха шаарында Меморандумга кол коюлган. Анын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен Катардын Дипломатиялык институттун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери жана илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүчүлүк дарамети жанданып, бекемделет. Ошондой эле,  профессордук-окутуулардын ортосунда тажрыйба алмашуу тууралуу кеңири сөз болмокчу.

Аталган тегерек стол Кыргызстан менен Катардын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 21 жылдыгына арналат. 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь