Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австриянын Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту.
Кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба алмашууга кызыкдар.
Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи. Ал ошондой эле Австрия тарап Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы парламенттик өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалады.
Инго Аппе өлкөдө парламенттик демократияны куруу жана өнүктүрүү боюнча тажырыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.