MOSCOW, RUSSIA – JUNE 20, 2017: Kyrgyzstan's President Almazbek Atambayev looks on at a news conference following talks with his Russian counterpart Vladimir Putin, at the Moscow Kremlin. Mikhail Metzel/TASS Ðîññèÿ. Ìîñêâà. 20 èþíÿ 2017. Ïðåçèäåíò Êèðãèçèè Àëìàçáåê Àòàìáàåâ âî âðåìÿ ñîâìåñòíîé ïðåññ-êîíôåðåíöèè ñ ïðåçèäåíòîì ÐÔ Âëàäèìèðîì Ïóòèíûì ïî èòîãàì ðîññèéñêî-êèðãèçñêèõ ïåðåãîâîðîâ â Êðåìëå. Ìèõàèë Ìåòöåëü/ÒÀÑÑ

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын депозиттик эсептери боюнча коммерциялык банктардагы документтерди текшерүүгө уруксат берди.

Райондук сот 19-июнда бир нече банктардан 2009-жылдан азыркыга чейинки жасалган операциялар, депозиттер жана эсептер боюнча документтерди алууга токтом чыгарган. Ага ылайык, текшерүүгө алына турчу адамдардын тизмесинде мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өзү, жубайы, балдары, туугандарынын аты-жөнү бар.

“Азаттыктын” жазган маалыматында тизмедегилер: Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Атамбаева Раиса Мирахмедовна, Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна, Атамбаев Сеилбек Алмазбекович, Атамбаев Сейитбек Алмазбекович, Атамбаева Диана Алмазбековна, Атамбаева Динара Алмазбековна, Шаршенов Нурбек Валибекович, Шагиева Луиза Фаритовна, Шагиева Альбина Рамильевна, Байбурин Артур Вилорович, Байбурина Лилия Тавфиковна, Рахмаджанова Жибек Манасовна, Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна, Бектимиров Раис Эрикович, Шагиев Рамил Минахмедович, Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич, Пархати Субихи Вуфуерович, Темирбеков Азиз Пайзуллаевич, Ахмет Кая жана Мусакеев Дамир Сагындыкович деген адамдардын аты-жөнү көрсөтүлгөн. Соттон бул тууралуу маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Ал эми КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук сотунун токтомуна байланыштуу билдирүү жазып, «сот экс-президенттин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын-ала кабарлабай туруп, алууга макулдук бергенин» айткан.

«Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да камак салынган. Сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмеси бүт туугандардын чөйрөсү болуп чыкты. Тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн, ал тургай анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыкты», деп жазылган билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: