Кыргызстандын Улуттук банкы 300 миллион сомдук баалуу кагаздарды чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма-сөз кызматы билдирди.

Облигациялар беш жылдык мөөнөткө берилет. Акыркы төлөм кылчу күн – 2024-жылдын 24-июну.

Бир баалуу кагаздын баасы – 82,43 сом, көрө турган киреше — 10,62 пайыз.

Облигация- бул банктык депозитке альтернатива болуп саналган карыздык баалуу кагаз. Аны акча керек болгон учурда кайсы бир ишкана же мамлекет чыгарат.

Облигация сатып алуу менен жаран акчасын банкка өткөрөт, тагыраагы, карызга берет. Ал эми банк акчаны пайдалангандыгы үчүн баалуу кагаз ээсине үстөк пайыз төлөп турат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: