Улуу Британияга Кыргызстандын элчиси Эдил Байсалов экс-президент Атамбаевдин акыркы кайрылуусу тууралуу пикирин билдирди.
Байсалов Атамбаев бийликте турганда 5аны сындап келгенин эскерген.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы чыр Атамбаевден башталганын айтып, ал бийликтен кетсе да башкарууну өз колунда алып калуу ниети ачыкка чыкканын жазган.
“Мунун баары мурунку президент Атамбаев башталды. Башка сөз менен дагы сындасачы. Бакиев деп айтканы ап-ачык эле «түндүк-түштүк» деген кара ниет, чыккынчылыктын сигналын берди. Муну баарыбыз билип эле турабыз го. Жалгыз үмүтү — азыр бизди экиге жарып, кайрадан эле өзү сүттөн ак болуп чыга калуу. Акчасы го толтура бар”-деп билдирди Байсалов.
Ошондой эле, ал Атамбаевге чара көрүүдө аны экс-президенттик макамдан ажыратуу эле жетиштүү болорун, бирок ал элди экиге бөлүү аракети менен кооптонтуп жатканын да жазган. Мындан тышкары Атамбаевди мыйзам алдында жооп бериши керектигин эскертип, элди алданбоого чакырды.