Өзбекстандын президенти 3-класстын окуучусуна унаа белек кылды

173

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-июнь күнү Ташкент облусундагы Бустан айылына иш сапары менен барган. Президенттин алдында 3-класстын окуучусу Фазилат Якубова аттуу окуучу кыз ыр окуп берген. Окуучу элдин өнүгүүсүнө багытталган “Беш демилге” аттуу ыр окуйт.

Мамлекет башчысына окуучу кыздын ыры абдан жагып, анын атасына унаа тартуулоого убада берген эле. Жакында президент берген убадасы боюнча, 3-класстын окуучусу Фазилат Якубованын үй-бүлөсүнө Chevrolet Cobalt унаасын белекке берди. Унаа ачкычын Ташкент облусунун акиминин милдетин аткаруучу Рустам Холматов тапшырды.

Кыздын атасы белгилегендей, Фазилат китеп окуганды жана ыр жазганды жактырат. Мамлекет башчынын кеңеши менен үй-бүлө “Фазилат” аттуу жеке китепкана уюштурууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь