Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шокеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.

Түркстан администрациясынын маалыматына караганда, жарылуунун кесепетинен 31 киши жабыркаган. Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин билдирүүсүндө, кампадагы жарылуу бир нече күнгө чейин созулушу ыктымал. “Ал жакта радиоактивдүү ок-дарылар, снаряддар сакталган эмес. Эч кандай радиация коркунучу жок“, – деди министр.

Бул арада президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: