Башкы прокуратуранын Атамбаевге байланыштуу корутундусу даяр болду

102

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын корутундусу даяр. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин отурумунда депутат Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, корутунду депутаттык комиссияга келип түштү. Ал Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароо маселесин күн тартибине киргизүүнү сурады.

Эске сала кетсек, 20-июнда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтомдун долбоору каралып, кабыл алынган токтом юридикалык баа берүү үчүн 20-июнда Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен Атамбаевге коюлган 9 айыптын ичинен алтоо калтырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь