Бишкек шаарында бейбаштар “Коопсуз шаар” долбоорунун камерасына сагызын чаптап кетишкен. Видеого түшүп калган 5 балдардын бири колунун ортоңку манжасын көрсөтүп, сагызын камеранын бетине чаптап өздөрүнүн тартипсиздин көрсөтүшкөн.
Окуя 6-июнь күнү Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде кечки саат 23:20да болгон.
Эске салсак, бүгүн 25-июнда Бишкек — Торугарт жолунда дагы белгисиз адамдар көзөмөл камераны атып кетишкен.