“Кандай парламентти, кандай сотторду алып келгенин эми Атамбаев өз жон териси менен сезет”,- дейт саясий куугунтукка кабылган мурдагы Жалал-Абад облусунун губернатору, ЖКнын экинчи чакырылышынын депутаты Бектур Асанов Элдик Медианын “Саресеп” программасында.

– Атамбаев “Ата Мекен” партиясынан башка партиянын бардыгын өзү түзүп берген. Мисалы, Улукбек Кочкоров деген тың жигитти партиянын тизмесинен алдыртып таштаган. Дагы бир беделдүү партиянын тизмесинин 3-катарында турган адамды чийип салган. Өзүм билемдик менен башкарган, өзү түзгөн “чимкирик” парламент, дал ошол Атамбаевдин кадрлары. Мен ал кишини 1996-жылдан бери тааныйм. Бул адам айткан сөзү менен кылган иши эки башка чыккан адам экенине эчак эле ынангам. Атамбаевге саясий сын пикир айткан адамды өзүнүн душманы катары тааныйт. Атамбаев бийликте кылмыштуу жамаат түзгөн. Мамлекеттик чоң кызматты ээлеген адамдарды – Абдиль Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Икрам Илмияновдорду айланасына чогултуп алып кылмыштуу топту түзгөн. Буга чейин өзү айтып келе жаткан адилеттүү сот реформасы жана өзү түзгөн парламент эми чындап көз карандысыздыгын көрсөтөт. Айрыкча күч структуралары тарабынан кичине мыйзамсыз аракеттер болуп кетсе Атамбаев аны кайра бийликке каршы курал катары өз саясатынын нугун башка багытта буруп кетиши мүмкүн. Андыктан, аны болушунча өтө кылдат жана мыйзамдуу далилдер менен жоопко тартыш керек.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: