Жогорку Кеңеш терезелерин 11,2 млн. сомго алмаштырат

278

Жогорку Кеңештин административдик имаратынын биринчи кабатынан төртүнчү кабатына чейинки терезелерин алмаштыруу иштерине тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында кабарлангандай, ал иштерге болжол менен 11 млн.176 миң 200 сом сарптоо пландалууда. Сынакка катышуу үчүн арыздарды 16-июлга чейин жиберүү керек. Ал эми жумушту 20-октябрга чейин бүткөрүү каралган.

Эске салсак, буга чейин имараттын ичиндеги дааратканаларды да оңдоп-түзөө үчүн 2 млн. 750 миң сомго тендер жарыяланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь