Нарында коменданттык саат киргизилет

165

Бүгүн Кыргызстанда «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуу башталат.

Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда аскердик окутуулар өтүп, 26-июнда саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланат.

ИИМ, УКМК, ӨКМ өкүлдөрүнүн катышууусу менен өтө турган “Коопсуздук-2019” машыгуулары 25-27-июнга белгиленген. Машыгуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында өтөт. Анда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, чукул жана аскердик кырдаал киргизилген учурда режимди камсыздоодогу даярдыктар текшерилет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь