Парламенттик журналисттер клубу түзүлдү

294

Ысык-Көлдө отузга жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жыйын өтүп, анда Парламенттик журналисттер клубун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Клубдун негизги максаты Жогорку Кеңештин ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоо, аккредитациядан өткөн жана ЖКнын ишин активдүү чагылдырган кабарчыларга тренингдерди өткөрүү.

Клубга позиция-оппозиция дебестен, баардык ЖМК өкүлдөрү кошула алат. Биз аларга эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча эң мыкты адистерди тартып, окууларды өткөрмөкчүбүз” – деди Ибраим Нуракун уулу.

22-23 июнь күндөрү өткөн жыйында Жогорку Кеңештин 2019-2020-жылдардагы коммуникациялык стратегиясы талкууланып, Төрага Дастанбек Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Парламенттик кабарчылардын пикиринде бүгүнкү күнү Жогорку Кеңешке карай айтылып жаткан сын-пикирлердин көбү коомчулуктун эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу толук кабардар болбой жаткандыгына байланыштуу. ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков медиа кызматкерлерге кайрылып, Жогорку Кеңештин жетекчилиги журналисттер менен кызматташууга, алардын бул багыттагы сунуштарын угууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

ЖМК өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жыйындары теле-радио каналдар, сайт жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатканына оң баа беришти. Ошондой эле Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин, фракциялардын жана парламенттин имаратында өтүп жаткан коомдук жана парламенттик угууларды да түз эфирде чагылдыруу муктаждыгы бар экенин баса белгилешти.

 

 

Комментарии

  1. Heya this is somewhat of off topic but I was wanting to know if blogs use
    WYSIWYG editors or if you have to manually code with HTML.
    I’m starting a blog soon but have no coding skills
    so I wanted to get guidance from someone with experience.
    Any help would be greatly appreciated! cheap flights 32hvAj4

  2. Great blog! Is your theme custom made or did you download it from somewhere?
    A theme like yours with a few simple adjustements would really make my blog stand out.
    Please let me know where you got your theme. Cheers

    my web blog; black mass

  3. Slowly however, with the advance of molecular biology and a
    deeper understanding of MH, focus began to shift to the possibility
    that ryanodine mutations called RYR-1 mutations such as found in MH susceptibles, may predispose patients to non-anesthetic-induced
    MH. https://genqpviag.com canada
    pharmacy generic viagra

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь