Чүй: Аялынын ойношун сабап салган эркекти милициялар кармап кетти

291

24-июнда Төмөнкү Чүй айылында топ балдар жергиликтүү жашоочуну сабап кетишкендиги тууралуу Жаңы-Жер милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.

22 жаштагы А.Т. аттуу бала арыз менен кайрылып, 48 жаштагы Ж.А. атасын сабап кеткен адамга карата чара көрүүсүн  суранган. Ага ылайык 38 жаштагы М.З. кармалып, ал мындан 4 ай мурда Ж.А. менен аялынын ортосунда мамиле бар экендигин билген. Буга чейин сөз менен уруша кетип жүрүшкөн. Кечээ саат 19:30дар чамасында эки киши жолугуп калып, сөздөн башталган чырдан мушташа кетишкен. Натыйжада М.З. 48 жаштагы кишини сабап салган.

Белгилүү болгондой Ж.А. аялы менен ажырашып кеткен. Ал эми шектүү М.З. Сокулук районунун УКЖ киргизилип, окуяга катыштыгы бар делгендер ички иштер бөлүмүнө чакртылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь