Абакта Аида Салянованын жанында отурган кыз үй камагына чыкты

110

Уюлдук телефон уурдады деп шектелген кош бойлуу аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Маалыматка ылайык, сот кош бойлуу аялдын бир жаштагы баласы бар экенин эске алган. Буга чейин ал № 1 тергөө абагында мурунку прокурор Аида Салянова менен бирге камерада отурганын жана Токон Мамытовго кайрылуу жазганын жактоочусу кошумчалаган.

Эскерте кетсек, кош бойлуу аялды эски телефонду уурдагандыгы үчүн Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Аял уурдалган телефонду ээсине кайтарып бергенин жана үйүндө 1 жаш 2 айлык баласы күтүп жатканын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь