Август айынан тарта автоунааны каттатуу арзандайт

124

1-августтан тарта автоунааларды каттоо 589 сомго арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

14-июнда тендердин акыркы жыйынтыгы чыгарылып, унааларды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бланкаларын даярдай турган “Госзнак” ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн келишим боюнча бир бланканын баасы — 192 сом. Бул баа мурункуга караганда 4 эсе арзан. Мындан сырткары бланканын баасы сом менен бааланат. Буга чейинки компания бир бланканы 10 евродон жеткирген.

Демек, автоунааны каттоо, мамлекеттик номер алуунун наркы мурдагыдай эле калат, бирок техпаспорттун бланкын 800 сомдон эмес, 192 сомго ала алабыз. Натыйжада каттоо азыркыдай 2 миң 489 сом 50 тыйын эмес, 1 миң 900 сомду түзөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь