Азыркы учурда Кыргызстанда саясий куугунтук жок. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов жергиликтүү басылмалардын биринде маек учурунда билдирди.
Анын айткандарына караганда, Кыргызстанда эч кандай саясий куугунтук жок, баары мыйзам түрүндө иш алынып барып жатат.
“Мага азырынча саясий укуктары бузулуп, куугунтукка кабыл алгандар кайрыла элек. Азыркы болуп жаткан кырдаалдарга мен дагы байкоо жүргүзүп жатам. Бардыгы чеги менен эле болуп жатат. Эгер кимдир бирөө саясий укугу бузулуп, арыз менен кайрылса сөзсүз карайм. Ошондой эле, диний-экстремисттик, террордук аракеттерге, улут аралык кастыкка тиешеси бар деп кесилгендердин, чет өлкөлөрдө жазаларга кирептер кыргызстандыктардын жагдайына дагы көзөмөл жүргүзүп, иштеп жатам,”- деди Мамытов.