Казакстандын белгилүү ырчысы Кайрат Нуртастын аялы күйөөсүн эч кимден кызганбай турганын билдирди. Анын айтымында, өнөр ээсин кызганууга себеп жок. “Күйөөм менен кино, клипке чогуу тартылган сулууларды көңүлүмө албайм” – деген Жылдыз өзүнүн сулуулугуна ишенерин белгиледи.

Кызганыч деген азыр такыр жок десем да болот. Мурда  деле аша чаап, ичим күйүп, кызганып көргөн эмесмин. Мага Кайрат себеп бербейт. Алдаган учурлары да болгон эмес. Ага толугу менен ишенем. Ал эми жанындагы кесиптештерине келе турган болсок, клипке тартылып жаткан кыздар деп жатасыз. Мен да сулуумун. Аны өзүм билем”, – деди Жылдыз Абдикаримова.

Бирок, ал ошол сулуулардын эмгегин өзгөчө баалай турганын жашырган жок. Агынан жарылган өнөр ээсинин келинчеги аларды убактылуу актриса катары кабыл аларын кошумчалады.

Жашын айтып жатасыз. Мен бир гана жанында тартылган кыздардын клиптеги, кинодогу өнөрүн баалайм. Себеби, алардын эмгеги чоң. Алар болгону кесиптеш. Башкача кабыл албайм. Алар бир күндүк, бир-эки сааттык актриса деп түшүнөм. Алар мен үчүн чоң окуя эмес”, – дейт Кайраттын келинчеги.

Булак: mediaplov.asia

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: