Арыста 350 адам дайынсыз болууда

816

Казакстандын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийин 350 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Ал эми жоголгондордун тизмесинен үч адам табылганын Чымкент шаарындагы Өзгөчө кырдаал департаментинин ички жана тышкы коммуникациялык тобу кабарлаган.

26-июнга карата маалымат боюнча, Казакстандагы облустардан жана чет өлкөдөн 50 миңден ашык телефон чалуу болгон. Адамдар Арыстын тургундарына гуманитардык жардам берүү ниетин билдирип жатышат. Эң көп берилген суроолор – жакындарын издөө, темир жолдун, жолдордун иштеши.

Арыс шаарында кабыл алуу-эвакуациялоо боюнча кыркка жакын бекет иштеп жатат. Ал жерлерге 4880 адам, анын ичинде 2428 бала жайгаштырылган. Расмий маалымат боюнча Чымкентте 20 371 адам жашайт.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан жабыр тарткандарга которгон.

“Өлкө  башчысы Касым-Жомарт Токаев бир күндүк айлык акысын жабыркагандар үчүн түзүлгөн фондго которду. Президенттик Аппараттын кызматкерлери анын демилгесини колдоду», – деди президенттин маалымат катчысы Берик Уали.

Эске салсак, 24-июнда эртең менен Арыс шаарына жакын жайгашкан аскер кампасында өрт чыгып, кампадагы ок-дарылар жарылган. Он миңдеген тургундар шаардан чукул арада чыгарылган. Алардын көпчүлүгү Чымкенттеги мектептерде жана мечиттерде жайгаштырылды. Айрым адамдар шарттар начар экенин айтып жатышат.

25-июнда бийлик Арыс азырынча кооптуу болуп турганын, шаарда жарылуу кайталанышы ыктымал экенин айтып жатышат.

Комментарии

  1. I’m really inspired together with your writing skills as well as with
    the format on your blog. Is that this a paid subject
    matter or did you modify it your self? Either way keep up
    the excellent high quality writing, it’s uncommon to
    see a great weblog like this one nowadays.. adreamoftrains website host
    content hosting

  2. I’m really loving the theme/design of your blog.

    Do you ever run into any browser compatibility problems?
    A couple of my blog readers have complained about my site not operating correctly in Explorer but looks great in Opera.

    Do you have any advice to help fix this problem?

    Look at my website :: cheap flights

  3. Hi there very nice site!! Man .. Excellent .. Wonderful ..
    I will bookmark your site and take the feeds additionally?

    I am satisfied to search out numerous useful information here within the post, we need develop extra techniques in this regard, thanks for sharing.
    . . . . .

    Also visit my page – cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь