КСДПнын айрым депутаттары Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча жасалып жаткан иштердин мыйзамдуулугун карап чыгуу боюнча КРнын Конституциялык палатасына кайрылды.
Анда белгилүү болгондой, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина и Асель Кодуранова, жана КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдор «КРнын Президентинин ишммердигин кепилдиктери тууралуу» 2003-жылдын 18-июнундагы мыйзамга ылайык, мамлекетттин мурдагы башчысы абсалюттук кол тийбестикке ээ жана анын иммунитетин алууга болбойт. Бирок, парламенттин депутаттык комиссиясы бул норманы одоно бузган»,-деп жазышкан.
Атамбаевди жоопко тартуу үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарды.
Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы көзөмөл органы 5 айпта негиз бар деп тапкан.