Бүгүн, 26-июнда Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө чогулган тарапташтары менен жолукту. Жанында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов коштоп чыкты.
Атамбаев аны колдоп келгендерге мал союп, малды курмандыкка чаларда өзү сүрөө окуп, бата кылды. Мындан тышкары тарапташтарынын бири Амантур Жамгырчиевдин туулган күнү менен куттуктап, кол саат белек кылды.
Ал эми экс-президент макамынан ажыратуу маселеси боюнча суроого: “Жакында жазуу түрүндө билдирүү жасайм, окуйсуңар”,- деп жооп кайтарды.
Бул арада “Апрель” телеканалы Медиа Форумдун алдында «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафонун өткөрүп жатат.