Редакцияга өнөктөштөрү жыныстык катнашка барууну каалабай жаткан жубайлар көп кайрылат. Келип түшкөн бир нече окуяларды жарыялап (аттары өзгөртүлдү), адистердин кеңешин сунуштайбыз.
Адил, 31 жаш Саламатсызбы! Менде бир суроо бар. Жашырганда эмне, аялым жумасына 1-2 жолу эле кошулууга макул болот. Мага бул жетишсиз, көбүрөөк каалайм. Эмне кылсам болот?
Урмат, 32 жаш Келинчегимди төшөккө чакырсам эле кача берет. Себебин сурасам, “жаткым келген жок” дейт. Бул маселенин айынан таарынышып калабыз. Деги эле фригиддүүлүк дегендин дарысы барбы?
Нурбек, 28 жаш Бир айда ашып кетсе 3-4 жолу эле кошулабыз. Аялыма жакындасам эле көңүлү түшүп, кабагы бүркөлөт. Бул эмнеси?
Адистер эмне дейт?
Психолог Алла Клевакованын айтымында каалоо – туруктуу эмес субстанция. Алсак, мамиленин башында өнөктөштөр бири-бирин абдан катуу каалайт. Ошентсе да, бул туруктуу болушу мүмкүн эмес жана өмүр бою бир эле деңгээлде сакталбайт:
“Чогуу жашаган убакта, мисалы, 2-3 жыл өткөндөн кийин каалоо начарлап, кээде өнөктөштөрдүн бирөөсүндө таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Бул табигый көрүнүш. Мындай нерседен корккон өнөктөштөрдүн белгилүү бир тиби, кайрадан каалоо сезиминин даамын татып көрүү үчүн башка өнөктөш издей баштайт. Бирок, бул маселени чечпейт”.
Психологдун айтымында кризисти жоюп, жоголгон каалоону калыбына келтирүүдө маанилүү ролду – сүйүү ойнойт. Сүйүүгө таянган өнөктөштөрдө үмүт пайда болот. Дал ушул үмүт, бул бир кыйроо же өмүр бою өзгөрбөйт деген ойлордон алыстатып, каалоо төмөндөгөн убакты аман-эсен баштан өткөрүүгө жардам берет.
“Жуптардын ортосундагы мамилени бузган аспектилердин бири – бийлик үчүн күрөш. Жубайлардын бирөөсү ар кандай жолдор менен үстөмдүк кылууга умутулат: күч, басынтуу же көзөмөлдөө менен. Мисалы, “Эгер биз чогуу боло турган болсок сен мен үчүн буларды жасашың керек. Анткени сен аялсың же эркесиң” дегендей. Булардын баары ортодогу мамилени бузат, каалоону төмөндөтөт, бирөөгө жамандык кылууга түртөт. Каалооң төмөндөп, колдоого муктаж болуп турсаң, ал эми жанында душман болсо, анан эмне кылуу керек?” – дейт Алла.
Психолог практикалык сунуштарга токтолуп, “басаңдатуу” техникасын айтып берди.
“Бир адам менен көп убакыт жашаганда көнүмүш адаттар көбөйөт. Чогуу тамактанып жаткыныбыз менен колубузда телефон, нан берип коюшун сураганыбыз менен көзүбүз телевизордо, мындайча айтканда жаныбызда олтурган адамды байкабайбыз. Жыныстык катнашта, сылап-сыйпоодо, назиктикте дагы ушундай. Көнүмүш адат боюнча кошулабыз, монтондуу жашоого сүңгүп кирип кетебиз”.
“Кылган аракеттерге аң сезимдүү мамиле жасап, башкалардын сезимдерин терең тую менен каалоону жандантса болот. Бул үчүн иш-аракеттерди басаңдатуу керек. Денесине тийип жатканда, акырын, назиктик менен сылап, көзүнө карап дегендей. Мамиледеги кыйынчылыктарды жеңүү жубайлардын экөөнүн тең иши. Албетте, баары сен каалагандай болуш үчүн өнөктөшүңө сыйкырдуу дары берип коюну каалайсың. Бирок, бул жерде бири-бирин табалаган душман эмес, союздаш болуу өтө маанилүү”, – экенин психолог баса белгиледи.
Психотерапевт жана сексолог Илья Комаровер айымдардын төшөктөгү муздактыгы тууралуу айтып берди.
Айымдардын муздактыгы тубаса эмес, кийин пайда болгон нерсе. Мындайча айтканда, фригиддүүлүк күткөн кумар алуу менен реалдуулуктагы кумар алуунун дал келбөөсү. Сиз каалаган кумарды өнөктөшүңүз бере албайт же бергиси, үйрөнгүсү келбейт. Бул абдан өкүнүчтүү. Көп учурда аял кумар албаганын күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн көңүлү үчүн жашырып коет. Мунун аягы сүйүү сезиминин жок болушуна алып келет.
Эгерде силер бири-бириңерди сүйсөңөр, анда ортодо жашыра турган эч нерсе болбошу зарыл. Аял менен күйөө биринчи кезекте дос болот. Аял канткенде дүүлүгөт, кандай учурда кумар алат, эрогендик зоналарды кайда экенин айтып бериши керек. Эгерде эркек аялын барктабаса, аны өзүнө ыктабаса же аял ыктагысы келбесе анда мындай үй-бүлө дубалы бат урайт. Баары жубайлардын ортосунда интим туралуу ачык сүйлөшүүнүн жоктугунан улам болот.
Интернеттен маалымат алуунун кереги жок. Ал жакта ыплас нерселер көп. Көйгөйдү адиске кайрылуу менен бир заматта чечип алса болот.
Булак: Билесиңби