ВИДЕО: Эт бышырууга казан, жатканга жууркан! Кой-Таштагы көрүнүш

203

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы өзүнүн үйүнө айылдаштарын чогултуп, кан чыгарып куран окуду.  Андан соң Атамбаев үйүнүн ичиндеги маалымат борборго журналисттерди чогултуп, билдирүү жасаары күтүлгөн. Бирок, аз убакыт калганда эл алдына чыгуудан баш тартып, баракта жазылган билдирүүсүн гана таратты.

Мурдагы мамлекет башчынын короосунда болгон журналисттер чөптүн астында бастырылган таштарга жана тосулган тосмолорго кызыгышты.

Жерине барган кабарчыбыз сырттан казан-аяк менен кошо жууркан-төшөк алынып келинип жатканына күбө болду. Эл чогулган үйдүн аркасына барууга Атамбаевдин тарапташтары тоскоолдук жаратып, оператор баланы “интернеттен көрүп калсам таарынба!” деп коркутканга чейин барды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь