Владимир Кличкону күйүп жаткан кемеден куткарып калышты (видео)

356

Легендарлуу украиналык мушкер Владимир Кличкону күйүп жаткан яхтадан куткарып калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кличко туугандары жана достору менен Ибица аралынан Мальорка аралына бара жаткан. Кеменин кыймылдаткычынан өрт чыкканда экипаждагылар өздөрү өчүрүүгө аракет кылышкан. Кеме жээктен 11 чакырым алыстыкта кыймылсыз турган. Бир аздан кийин өрт кайра жанданып, аларды жээктеги коопсуздук кызматы куткарып калган.

Кличко Испаниянын куткаруучуларына ыраазычылыгын билдирип, бары жайында экендигин айтты.

Владимир Кличко — бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь