Депутат Евгения Строкова билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү эл өкүлдөрүнүн алдына келип баяндама жасабагандыгына нааразы болуп, парламентти көңүл сыртында калтырып жатат дейт. “Аттестаттардагы каталарды кимге күнөөлөрүн билбей, бул жакка келгенден коркуп жатабы?” деп ачууланды.

Кесиптешинин сөзүн колдогон Элвира Сурабалдиева министрди айта берип чарчадык “китептерди, эми аттестаттарды чыгарганда дагы ката чыкты. Канча жолу кемчиликтерди айтсак да моюнга албайсыздар!”,- деди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова аттестаттарды басып чыгарган «Учкун» акционердик коому катаны «эки тамганын ортосунда боек жылып кеткени менен түшүндүрдү» дейт. Бул жерде бир да окуучунун маалыматы бурмаланбаганын белгилеп, маселени эксперттер карап жатканын кошумчалады.

” Мен сизди түшүнгөн жокмун Надира Санташовна. Сиз министрдей болуп, «две ошибки — не трагедия» деп атасызбы? Уят болуп бүттүк, жете турган түбүнө жеттик», — деди Сурабалдиева.

Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева бул теманы улай, «Аттестаттар эң акыркы чеги болду окшойт. Ушундай жооптору, каталары үчүн биз мындай министрликке чыдай албайбыз. Эң авангард, алдыда турган министрлик силер болушуңар керек эле», — деп кейиди Касымалиева.

24-июнда өлкө аймагы боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Бирок социалдык тармакта окуучулардын жалпы орто мектепти бүткөнүн тастыктаган документ ката жазылганын сынга алышкан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: