Жаңы айдоочулук күбөлүктүн артыкчылыгы эмнеде болот?

180

Азыркы колдонуудагы айдоочулук күбөлүк 2011-жылдан баштап берилип, 8 жыл аралыгында коргоо белгилери жана сапаты эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес. Сапатын жогорулатуу жана документти жасалмалоону жокко чыгаруу талаптарына ылайык, ошону менен бирге эле тез өзгөрүүчү дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен айдоочулук күбөлүктү жаңылоо учурдун талабы болууда дейт Элдик Медианын “Элдик талкуу” программасынын коногу, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Усейин Касмалиев.

Жаңы үлгүдөгү документ, жакшыртылган дизайн менен бирге, эл аралык тажрыйбаны жана заманбап алдыңкы технологияларды эске алуу менен көптөгөн коргоо элементтери менен айырмаланат. Мындан тышкары, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр, замандын талабына ылайык айдоочунун өздүгүн идентификациялайт.

Аталган айдоочулук күбөлүк Кыргыз Республикасындагы төртүнчү муундагы айдоочулук күбөлүк болуп эсептелет. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүү, жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча планын ишке ашырууда каралган. Ал он жылдык мөөнөт менен берилет. Жаңы айдоочулук күбөлүктүн кириши, анын баасынын арзандашына да алып келет. Келээрки күбөлүктөр болжол менен 400-500 сомдун тегерегинде сатылуусу күтүлүүдө. Белгилей кетсек, айдоочулук күбөлүктү чыгаруу жеке менчик компаниядан мамлекеттик мекемеге өтөт.

Ошол эле учурда, мурда берилген айдоочулук күбөлүк жарамдуу мөөнөтү аяктаганча жарамдуу болуп, жаңы айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу жарандардын өз каалоосу менен жүргүзүлөт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь