25-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Туркестан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.
Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.