Мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзам бузуп, курал колдонуп,  элдин артына жашынып алып отурат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев журналисттерге билдирди.

“Эгерде Алмазбек Атамбаев чындыгында күнөөсүз болсо партиянын төрагалыгынан кетмек эмес. “Мен коркпойм, менин кол тийбестигимден ажырата бергиле. Мен ак экендигимди далилдеп берем” демек. Ал коркуп эле партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, кол тийбестик макамга ээ болуп турайын деген аракети болду. Буга чейин ал көп адамдарды мыйзам бузду, курал колдонду, сот чечсин деп турчу эле. Эми мына өзү мыйзам бузуп, курал колдонуп, элдин артына жашынып отурат. Алдыда баары кимдин ак экени билинет,”-деди эл өкүлү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: