“Жогороку Кеңештин депутаттары Бакытбек Жетигенов жана Канат Исаев мушташып кетишти” деген маалыматка эл өкүлү Канат Исаев жооп берди.
“Бакытбек Жетигенов менен мушташты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мында негизи пикир келишпестиктер сөз аркылуу эле болду. Бизде Жогорку Кеңештин ичинде күзөт кызматкерлери болот. Ошондой эле, менин жардамчыларым бар. Анан алар бизди мушташтырып коюп кантип карап турмак эле,” деди Исаев.