Россиянын Красноярск шаарында  автобустун жүргүнчүлөрү кош бойлуу аялдын төрөтүн кабыл алышты. Ымыркай ал автобуста өмүр бою бекер каттай алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Айдоочу толгоосу башталып, автобуста көз жарган аялды тез арада төрөт үйүнө жеткирүүгө аракетин жасаган. Ал жол эрежелерин бузуп, төрөт үйүнө катуу ылдамдыкта келген, бирок ымыркай ага чейин күтө алган эмес.

“№64 автобуста төрөлгөн балага өмүр бою анда бекер жүрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан сырткары, Айдоочуга, кондукторго жана төрөттү кабыл алган жүргүнчү аялга акчалай сыйлыктар ыйгарылмакчы. Автобус аялдамаларга токтобой, ичиндеги толтура жүргүнчүлөрү менен төрөт үйүнүн короосуна токтогон, ал жерден эне менен баланы дарыгерлер өз көзөмөлүнө алган.

“Жүргүнчүлөр колунан келген жардамын көрсөтүүгө аракеттеништи. Алардын бири мага башындагы жоолугун чечип берип, кийин ага баламды ородук. Башкалары кол арчыларын берип, муздак суу беришти” деп ыраазычылыгын билдирген көз жарган эне.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: