КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы кайра шайланды

КТРКнын байкоочу кеңешине төрага болуп Жыпар Жекшеев шайланды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөлөрү билдирди.

“Байкоочу кеңештин төрагалыгына Жыпар Жекшеев жана Нурия Айдабосунованын талапкерлигин койгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жыпар Жекшеев 12 добуш менен үчүнчү мөөнөткө шайланды,”- деп жазылат маалыматта.

Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсү тең катышкан. КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамы 5 жылда, ал эми кеңештин төрагасы жыл сайын шайланып турат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь