Кытай Кыргызстанга ШКУда короткон чыгымдарын төлөп берет

112

13-14-июнь күндөрү Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттик башчыларынын саммитине кеткен чыгымдарды Кытай мамлекети өз мойнуна алат.

Тактап айтканда, Кыргызстан ШКУну уюштуруу иштерине кетирген 6 млн 760 миң доллар чыгымды Кытай төлөп бермей болду. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда тиешелүү документке кол коюлду.

Эске салсак, буга чейин кыргыз милициялары 30миллион юаньды түзгөн (305млн.смодон көбүрөөк) техника менен камсыздалган. Мындан тышкары, Россия Кыргызстанга 66 автоунаа берген. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттер 450 млн. сом каражат бөлүп, бул сумма мамлекеттик резиденцияны оңдоп-түзөөгө багытталган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь