Солтон-Сары жайлоосунда алтын иштеткен «Jhong ji Mining company» кытай компаниясынын жумушчулары Элдик Медиа порталынын вотсап номерине (+996755108501) видео тартып жөнөтүштү.
Тасманын авторлору жашап жаткан жерлеринде эч кандай шарт жок экенин билдирип, көңүл буруп коюну суранышкан. Видеодо ошол жакта чоң машина айдап иштеп жаткан айдоочулардын жуунучу жайы экенин белгилеген.