“Ош облустук оорукананын алдына унаалар толуп, тыгын болуп кеткен. Аны көзөмөлдөгөн деле эч ким жок”,-дейт окурман.
Ош шаарынын тургуну eldik.media га кабарлагандай, Ош шаарында жайгашкан бул оорукананын алдында дайыма ушундай көрүнүш.
“Тез жардам кызматы тыгындан чыга албай убара. Унааңды алып тур деп айтайын десе, ээлери жок.”