Бүгүн, 26-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов автоунааларга май куюучу жайлардын (АЗС) ээлери менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаарынын прокурору К.Абдраимов, шаардык милициянын башчысы М.Боронов, экотехинспекция, архитектура жана башка тиешелүү кызматтардын башчылары да катышты.

Мэр Ош шаарынын ичинде мындан ары май куюучу бекеттерди курууга уруксат берүү токтотулганын, мурда курулуп иштеп жаткан жайларды бузуу маселеси соттун чечиминен кийин анык болоорун айтты.

Баары мыйзам чегинде ишке ашат. Март айында Юго-Востокто болгон кырсык баарыбызга сабак болуш керек. Бизге эң биринчи кезекте адамдардын коопсуздугу керек. Ошол кырсыктан кийин май куюучу жайларды тыкыр көзөмөлгө ала баштаганбыз. Норманы сактабаган май коюучу жайлардын иши сотко өттү. Силерге убагында мыйзамдуу кылып документ даярдап берген кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барат”,-деди калаа башчысы.

Шаардык мэриядан кабарлагандай, 4-июлдан тарта соттук отурумдар башталат.
Ош шаарында жалпы 44 май куюучу жай болуп, анын ичинен 40 май куюучу бекеттерди текшерүүгө жолдомо алынган. Жыйынтыгында 22 май куюучу жайдын иш кагаздары сотко өттү. 12 жайдын иши шаардык прокуратурага берилген.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: